Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Руслан Бекназаров 12-октябрга чейин камакка алынды


Руслан Бекназаров сот залында. Сүрөт Рита Карасартовага таандык.
Руслан Бекназаров сот залында. Сүрөт Рита Карасартовага таандык.

Экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров 12-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу сот отурумуна катышкан укук коргоочу Рита Карасартова маалымдады. Анын айтымында, Биринчи май райондук соту аны бир айга №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал баласынын эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана бул кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG