Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Самарканд: Садыр Жапаров менен Си Цзинпин алака-катышты талкуулады


Си Цзиньпин (солдо) жана Садыр Жапаров (оңдо). Самарканд, Өзбекстан. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Си Цзиньпин (солдо) жана Садыр Жапаров (оңдо). Самарканд, Өзбекстан. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жолукту.

Садыр Жапаровдун администрациясы тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар өз ара алака-катышты актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

"Садыр Жапаров "Бир алкак жана бир жол" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУнун алкагында экономикалык өнөктөштүктү кеңейтерине, инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртарына ишенимин билдирди. Ал Си Цзинпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды,кытай лидери чакырууну кабыл алды. Өз кезегинде Кытайдын лидери кытай тараптын Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү колдоого Бээжин кызыкдар экенин айтты",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан менен Кытайдын лидери соңку ирет февралда Бээжинде жолуккан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG