Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Башкы прокуратура Бекмурзаев боюнча дагы билдирүү таратты


Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

Башкы прокуратура 14-сентябрда убактылуу кызматынан четтетилген энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин мыйзам талаптарын бузганы тууралуу маалымат таратты.

Мекеменин маалыматында “Бекмурзаев Салык кодексине ылайык 2022-жылы өзүнө жана жакындарына таандык болгон киреше-чыгаша, мүлктөрү боюнча декларация тапшырбаган, 2021-жылы айрым мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес” деп жазылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго энергетика системасында аныкталган коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталбагандыгы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, кирешелерди декларациялоо мыйзамдарынын бузулушу аныкталып, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилген.

Башкы прокуратура Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, “Улуттук энерго холдинг”, “Кыргызтеплоэнерго” ишканасынын кызматкерлерине маяналарына кошумча каражат берилгени, иш сапарлар жана сатып алуулар боюнча 11 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Буга чейин аталган орган Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштарга байланыштуу 32 иш козголуп, жалпы мамлекетке келтирилген чыгым 889 млн. 54 миң 197 сом деп эсептелгенин маалымдаган.

14-сентябрда кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Башкы прокуратура ага "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген негизде эки кылмыш иши козголгонун 13-сентябрда билдирген. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын сарптаганы, курулуш иштеринен 15 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш” деп эсептейт. Ал 13-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен энергетика тармагын реформа жасоого аракет кылып жатканын айткан.

Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында министрлик кызматка дайындалган учурда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG