Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:57

Орусияда сот “Ислам кайра жаралуу” партиясын террордук уюм деп тапты


“Ислам кайра жаралуу” партиясынын кеңсеси. Архивдик сүрөт.
“Ислам кайра жаралуу” партиясынын кеңсеси. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Жогорку соту Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясын террордук уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги соттун басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

“Ислам кайра жаралуу” партиясы Тажикстандын бийлиги бул чечимди өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланат жана анын негизинде көптөгөн бейкүнөө адамдар кармалып, абакка кесилет деп кооптонууда.

26-июлда Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда Орусиядагы айрым уюмдарды террордук деп таануу маселеси каралып жатканын билдирген. Бирок сөз кайсы уюм тууралуу болуп жатканы айтылган эмес.

Тажикстандын өтүнүчүнө карабай, Орусия жети жылдан бери “Ислам кайра жаралуу” партиясы боюнча чечим кабыл ала элек болчу. Тажикстанда ишмердигине тыюу салынган диний партияны өлкөнүн Жогорку соту 2015-жылы террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген.

11-августта “Ислам кайра жаралуу” партиясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Орусиянын бул партияны террордук уюм деп табуусуна каршы турууну өтүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG