Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:08

Балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болду


Жоламан Шаршенбеков. Архив.
Жоламан Шаршенбеков. Архив.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль алды.

13-сентябрда ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг. салмакта финалдык таймашта болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утту.

12-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0), жарым финалда казакстандык Айдос Султангалини 7:0 менен уткан.

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында үч медаль алды. 11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон. 12-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло алган.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үчүнчү жолу күрөштү. Ал буга чейин эки жолу Дүйнө чемпионатында (2018, 2021-жылдар) күмүш байге алган.

Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-жыл). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-жыл).

Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-жыл), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында (2017) 2-орунду ээлеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG