Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

Франциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар көз жумду


Жан-Люк Годар.
Жан-Люк Годар.

13-сентябрда Франциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Liberation басылмасы жазды.

Жан-Люк Годар француз киносундагы “Жаңы толкундун” негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын 1960-жылдардагы тасмалары дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген.

Анын “Жаңы толкундагы” жолу 1959-жылы “Акыркы дем” тасмасы менен башталган. Анда башкы ролду киноактёр Жан-Поль Бельмондо жана Жин Сиберг аткарган. Жан-Люк Годарга киноиндустриянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы "Оскар" сыйлыгы ыйгарылган.

Ал француз киносундагы “Жаңы толкундун” башатында турган көзү тирүү акыркы кинорежиссер болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG