Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Орус абактарында миңдей кыргыз жараны жазасын өтөп жатат


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматов 13-сентябрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында билдирди.

Анда "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев орус абактарында жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын экстрадициялоого байланыштуу маселе көтөрдү. Ал мекениндеги түрмөлөргө которулууну каалагандарга укуктук жардам жетиштүү берилбей жатканын айтты.

"Биз экстрадициялоого байланыштуу Орусия менен көбүрөөк иштешибиз керек. Айрым соттолуучулардын иши тийиштүү чечим чыкса дагы Орусиянын Юстиция министрлигинде жылдап жатат. Мына азыр меношондой үч адамды так билем, соттун чечими чыкса дагы 10 айдан бери жатат. Алардын арасында бир аялдын абалы оор. Аларды бул жакка которуу бекер экени тууралуу Башкы прокуратура силер туура маалымат берип коюшуңар керек. Арыз жазыш үчүн Орусиядан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына келип арыз жазгыла деп жатат. Бул дагы туура эмес", - деди депутат.

Башкы прокуратуранын өкүлү Асылбек Акматов башкы көзөмөлдөөчү органдын сайты аркылуу деле кайрылып, арыз жазса болорун айтты. Ошондой эле, соттолгон кыргыз жарандарын коюлган айыбына карабай баарын мекенине которуп келсе болорун белгилеп, тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, учурда бир миллиондон ашык кыргыз жараны Орусияда жашап, иштеп жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG