Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

Зордуктоого шек саналган Улуттук Гвардиянын жоокерлери эки айга камалды


Улуттук гвардия – Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.
Улуттук гвардия – Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту зордуктоого шек саналып кармалган Улуттук Гвардиянын эки жоокеринин бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Кылмышка шектүүлөр Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайында (гауптвахта) 11-ноябрга чейин болушат.

Аскер прокуратурасы эки жоокер кармалганы тууралуу 12-сентябрда билдирген. Анда 5-сентябрда Б.У аттуу кыз 4-сентябрда түнкү саат 04:30 чамаларында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер күч колдонуп, машинада зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылганы жазылган.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси ("зордуктоо") менен кылмыш ишин козголуп, Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн У.А жана А.Т. камалган.

Анын алдында социалдык тармактарда эки бала зордуктоого айыпталып жатканы жөнүндө кабар тараган. Улуттук гвардия – Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.

5-сентябрда Баткен милициясы 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун кабарлады. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышына милиция кызматкерлеринин айыпталганы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG