Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атышуу болду


Азербайжан менен Армениянын жана Тоолуу Карабактын картасы.
Азербайжан менен Армениянын жана Тоолуу Карабактын картасы.

Армения чек арадагы калк жашаган аймактарын 13-сентябрга караган түнү азери аскерлери аткылаганын билдирди.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги Горис менен Жермук шаарлары жана Сотк айылы бутага алынганын, оор артиллерия жана учуучу аппараттар, миномёттор колдонулганын, ага жооп кайтарылып жатканын кабарлады.

Азербайжан болсо Армения тараптан чагым жана диверсия болгонун, ага жооп катары ок атылганын жарыялады.

Коргоо министрлиги тараткан маалыматта “Дашкесан, Келбажар жана Лачин аймактарында азери аскерлери жүргөн жолдорго куралданган диверсиялык күчтөр караңгыда мина коюп жүргөнү аныкталганы, чукул чаралардан улам ага бөгөт коюлганы” айтылат.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ок атышууда мерт болгондор, жараат алгандар да бар экенин билдирди.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG