Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

Эл аралык эмгек уюму: дүйнөдө 50 миллион адам кулчулукка кабылган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык эмгек уюмунун баяндамасына ылайык, дүйнөдө дээрлик 28 миллион адам кулчулукта жүрөт, дагы 22 миллион киши эркине каршы никеге турууга мажбур болгон. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 10 миллионго көп.

Эл аралык эмгек уюму адам сатууга каршы күрөшкөн Walk Free укук коргоо уюму менен биргеликте даярдаган баяндамада кулчулукка жана мажбурлап никеге туруу дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде эң өнүккөн мамлекеттерде да кездешери айтылат. Алардын 52% орто жана ортодон жогорку киреше тапкан өлкөлөргө туура келет.

Кулчулукка кабылгандардын көбү өндүрүш, курулуш, айыл чарба жана үй жумуштары сыяктуу иштерге тартылгандар. Миллиондогон адам, негизинен аялдар жана кыздар сексуалдык эксплуатациянын тузагына илинген.

Кулчулукка кабылгандардын 3,3 миллиону балдар.

Уюм акыркы беш жылда кулчулукка кабылгандардын көбөйүшүн COVID-19 пандемиясы, климаттын өзгөрүшү жана энергетикалык кризистен улам дүйнөдө экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG