Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Балбан Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт


Архив сүрөт. Акжол Махмудов Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, Конья, Түркия. 
Архив сүрөт. Акжол Махмудов Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, Конья, Түркия. 

Сербиянын Белград шаарында бүгүн, 10-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалда күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта жарым финалда Лондон Олимпиадасынын чемпиону, 34 жаштагы түштүк кореялык Ким Хён У менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңди. Акжол Махмудов Ким Хён У менен быйыл апрель айында Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жарым финалында да күрөшүп, дал ушундай 4:1 эсебинде утуп алган эле.

Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында жарым финалдык беттешке чейин үч атаандашын жеңди. Алгач бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниорду 11:1 эсебинде, 1/8 финалда мексикалык Эммануель Алексис Бенитес Кастрону 8:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык Юнус Емре Басарды 9:7ге жеңип алган.

Махмудов эми финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөшөт. Бул салмакта финалдык беттеш 11-сентябрда болот.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпионатынын финалына чыккан кыргызстандык үчүнчү балбан. Ал эми жалпы күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алтынчы кыргызстандык. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында Канатбек Бегалиев бир жолу (2006-ж.), Жоламан Шаршенбеков эки жолу (2018-ж., 2021-ж.) финалда күрөшүп, күмүш байгеге ээ болгон. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова эки жолу финалга чыгып, эки жолу жеңишке жетсе (2019-ж., 2021-ж.), Мээрим Жуманазарова бир ирет жеңүүчү болгон (2021-ж.) Ошондой эле эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медалга ээ болгон (2021-ж.).

23 жаштагы Акжол Махмудов дүйнө чемпионатына алгачкы жолу катышууда. Ал чоңдор арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.). IV Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү. Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016-ж.), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.), коло байгелерин уткан. Уландар (2016-ж.) жана жаштар (2017-ж.) арасында дагы Азиянын чемпиону болгон.

Бул күнү Акжол Махмудовдон сырткары күрөштүн дал ушул түрүнөн 87 килограмм салмакта кыргызстандык Атабек Азизбеков күч сынашты. Ал алгач квалификациялык беттеште бразилиялык Рониссон Брандао Сантьягону 10:0 эсебинде утуп, 1/8 финалда ирандык Насер Гасем Ализадехке жеңилди (3:5). Иран балбаны чейрек финалда даниялык Турпан Али Бисултановго жеңилип, Азизбековго коло байге үчүн таймашка чыгууга мүмкүн болбой калды.

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG