Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

5-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда жергиликтүү курултай өтөт


Бишкек.
Бишкек.

2022-жылдын 5-ноябрында өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, курултай өткөрүү чечими 9-сентябрда Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды. Ага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Уюштуруу комитетинин отурумунда курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чараларынын планы, делегаттарды шайлоонун жол-жобосун камтыган нускамалар бекитилди.

Маалым болгондой, биринчи Элдик курултайды өткөрүү эки этапта ишке ашырылат. Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен Элдик курултайдын өтүшү камсыздалат. Жергиликтүү курултайларга делегат шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.

Делегаттарды аймактардын этностук өзгөчүлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо менен шайлоо тууралуу сунуштар айтылды.

Президенттин быйыл 25-ноябрда элдик курултай чакыруу тууралуу жарлыгы 16-августта жарыяланган. Конституцияда каралган бул иш-чаранын анда жазылгандай атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы сын дооматка жол ачкан. Айрым оппозиция өкүлдөрү "бийлик азыр жоопкерчиликтен качып, аны кандайдыр бир башка органга жүктөп коюу аракетин көрүп жатат" деген пикирин айтууда.

7-сентябрда Жогорку Кеңеште курултай маселеси көтөрүлүп, айрым депутаттар бул иш-чара президенттин жарлыгы менен чакырылып жатышын мыйзамсыз деп аташты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга былтыр журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Жапаров ошондо “…үч саат жөн эле ушактарга жооп берип отурганын” белгилеп, “…ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG