Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт


Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 10-сентябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Мамлекет башчы өлкөдө 735 миңдей пенсионер бар экенин, пенсия төлөмдөрү үчүн буга чейин жылына 70 млрд. сом каралып келсе, эми бул сумма 90 млрд. сомго көбөйө турганын белгилеген.

"Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз", - деген Жапаров.


Министрлер кабинети мурдарак пенсияга эрте чыгуу укугун жана жеңилдиктерди берген категорияларды жоюуну сунуштаган. Пенсиялык реформада аялдардын пенсия курагын дагы жогорулатуу каралган.

Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү 7200 сомго көтөрүлүшү ыктымал экенин айткан. Бүгүнкү күндө пенсиянын орточо көлөмү 6100 сом. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG