Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Комуз күнүндө "Жаш талант - 2022" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына жана 9-сентябрь - Комуз күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы 15 жаштан 25 жашка чейинки комузчулар арасында "Жаш талант-2022" сынагы өттү.

Кароо-сынакка шаар аймагындагы жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептин окуучуларынан жалпы 19 комузчу катышты. Жыйынтыгында Жалал-Абад маданият техникумунун студенти Бекназар Тажибаев 1-орунду ээлеп, беш миң сом акчалай сыйлык жана диплом берилди. Ал эми 2-3 орунга ээ болгон окуучулар жана калган катышуучулар кызыктыруучу белектер, дипломдор менен сыйланды.

Барпы театрынын алдында өткөн майрамдык салтанатка мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, белгилүү комузчулар, өнөр адамдары жана мугалимдер катышты.

2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда 9-сентябрь комуз күнү деп жарыяланган.

Комуз - кыргыз элинин чертме музыкалык аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча жана башка бир катар жыгачтардан чабылат. Кыргыз салттуу музыкасынын басымдуу бөлүгү комуз менен байланыштуу. (TB/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG