Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча дагы бир адам кармалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу райондун жашы жете элек дагы бир тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал 8-сентябрда адвокаттын жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен өзгөчө оор кылмыш жасоого шек саналып кармалып, 9-сентябрда Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

5-сентябрда Баткен облусунун милициясы Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын билдирген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушуну менен кыздын өлүмү боюнча кармалгандар төрт кишиге жетти.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, Жогорку Кеңеште педофилдерге жазаны катаалдатуу сунуштары айтылууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG