Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:09

Путин менен Эрдоган Украинанын дан экспортун талкуулайт


Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин. Орусия, 5-август, 2022-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин. Орусия, 5-август, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган келерки аптада Өзбекстанда жолугуп, украин данын экспорттоо боюнча келишимди талкуулайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

“Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүсү буга чейин эле пландалган. Биз аны Самаркандда уюштурууну көздөп жатабыз”, - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

15-16-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

7-сентябрда Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) келишими менен ишке ашып жаткан Украинанын дан экспортуна байланыштуу сын айткан. Ал эгин келишимде жазылгандай жакыр өлкөлөргө жиберилбей, Европа Биримдигине кетип жатканын билдирген.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Бул келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылган. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берген. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын баасын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG