Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

АКШ Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн ирандык компанияларга каршы санкция киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ учкучсуз учактарды өндүргөнү жана Орусияга бергени үчүн төрт ирандык компанияга жана бир ирандык жаранга каршы санкция салды. Бул тууралуу маалымат АКШнын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Санкцияга Иран менен Орусиянын ортосундагы аба каттамды, анын ичинде учкучсуз учактарды, жабдууларды жана кызматкерлерди ташууну жөнгө салган Тегерандагы Safiran Airport Services компаниясы дагы кирген. Тизмеде учкучсуз учактарды чыгарган Paravar Pars, Design and Manufacturing of Aircraft Engines, Baharestan Kish компаниялары жана акыркы компаниянын башкаруучу директору, директорлор кеңешинин мүчөсү Рехматулла Хейдари дагы бар.

АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Paravar Pars жана Design and Manufacturing of Aircraft компаниялары Shahed-171 учкучсуз учагын чыгарууга, иштеп чыгууга жана изилдөөгө катышкан. Baharestan Kish учкучсуз учактарды чыгарууга жана ар кандай коргонууга байланышкан долбоорлорду көзөмөлдөгөнү маалыматта айтылган.

"АКШ Орусияга жана Иранга каршы санкцияларды көзөмөлдөп, Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун колдогондорду жоопкерчиликке тартууга ниеттенүүдө. Биз ошондой эле ирандагы өндүрүүчүлөр менен сатып алуучуларды жана Ирандагы террорчул уюм деп эсептеген "Ислам революциясынын сакчылар корпусу" (IRGC) менен байланышы барларды талашсыз байкап турабыз", - деген АКШнын финансы министринин терроризмге каршы жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары Брайан Нельсон.

Анын айтымында, башка уюмдар дагы Ирандын учкучсуз учактарын иштеп чыгууга, аларды өткөрүп берүүгө же Украинага каршы колдонуу үчүн Орусияга кандайдыр бир аскердик техниканы сатууга колдоо көрсөтүүдөн өтө этият болушу керек.

Буга чейин The Washington Post басылмасы Украинадагы согуштун жүрүшүндө пайдалануу үчүн Орусияга ирандык аскердик учкучсуз учактардын биринчи партиясы келип түшкөнүн жазган. Басылманын ырасташынча, дрондор Ирандан Москвага 19-августта жүк ташуучу авиакаттамдар менен жеткирилген. Кеп сокку уруучу учкучсуз учактардын Mohajer-6 жана Shahed деп аталган эки түрү жөнүндө болуп жатат. Алар артиллериялык системаларга, радарларга жана башка аскердик буталарга чабуул жасай алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG