Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Касмамбетов: зомбулуктун жазасын катаалдаштыруу керек


Балдардын коопсуздугун коргоону талап кылган акция. 8-июль, 2022-жыл.
Балдардын коопсуздугун коргоону талап кылган акция. 8-июль, 2022-жыл.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыш иштери, алардын алдын алуу жана мындай кылмыштарга баргандарга жаза берүү маселеси боюнча пикирин билдирди.

Ал Кадамжайда окуучу кыздын киши колдуу болгону тууралуу окуяга токтолуп, өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар көз жаздымда калтырылбашы керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Мен жакында эле аялдарга жана балдарга карата жасалган мындай жоболоңдуу окуяларды көз жаздымда калтырбай, ашынган кылмышкерлерге эле эмес, кылмышты жашырып-жабууга аракет кылган баардык жактарга карата да мыйзамдуу чараларды көрүү жаатында бир нече жолу атайын кайрылуу жасагам. Керек болсо, кылмыш мыйзамдарын дагы катаалдаштыруу керек. Үй-бөлө – кичи мамлекет” демекчи, байыртан эле кыргыз коомунда үй-бүлө институту мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалы болуп келген.Ары-бери кылчактабай эле, эми аялдар менен балдарга карата жасалган зордук-зомбулук кылмыштарын үй-бүлөгө карата урулган оор сокку катары кабылдасак болот", - деген Касмамбетов.


Мамлекеттик катчы коомчулукта Кылмыш кодексине кайрадан өлүм жазасын киргизүү-киргизбөө маселеси коомчулукта кызуу талкууланып, парламент жыйынында да көтөрүлүп, депутаттар арасында кызуу талаш жаратканын белгилеген. Ошондой эле аялдар менен балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттардын бири экенин кошумчалаган.

Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу учуру катталса, анын 84% кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Быйыл жарым жылдын жыйынтыгында 500 кылмыш иши катталса, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмышка кирет.

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция 5-сентябрда билдирген. Кылмышка шектелип үч киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров окуя тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG