Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Беларус Польша менен чек арасында аскердик машыгууларды баштады


Беларустун аскердик техникасы. 6-май, 2022-жыл.
Беларустун аскердик техникасы. 6-май, 2022-жыл.

Беларус Польша менен батыш чек арасына жакын жерде жана андан ары чыгышта аскердик машыгууларды баштаганын билдирди.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги 8-сентябрда Беларустун аскерлери “душман убактылуу басып алган аймакты бошотуу жана чек ара аймактарын көзөмөлгө алуу” боюнча машыгуудан өтөөрүн кабарлады. Министрликтин маалыматына ылайык, машыгуулар Польша менен батыш чек арага жакын Брест шаарындагы аскердик полигондордо, өлкөнүн борбору Минск менен Беларустун түндүк-чыгышындагы Витебск шаарларынын айланасында да болот.

Ага канча жоокер тартылганы айтыла элек. Бирок алардын саны жана аскердик техника эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөндөн ашпай турганы маалымдалды.

Польша Европа Биримдигине мүчө мамлекет. Ал Орусиянын жарандарынын шенген аймагына киришин коомдук коопсуздукка коркунуч деп атаган.

Беларустун талаш жараткан лидери Александр Лукашенко орус армиясына Украинага кол салуу үчүн өз аймагын пайдаланууга уруксат берген. Бирок Беларустун аскерлери Украинадагы согушка катышууда деген маалыматтарды четке кагып келет.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатат.

Согуш болуп жаткан тапта жоготуулар тууралуу маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG