Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Зеленский Харьковдо жакшы жыйынтык бар экенин билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-сентябрда кечки видео кайрылуусунда фронттогу кырдаал жана орус бийлигиндеги жогорку кызмат адамдарына салынган санкциялар тууралуу маалымат берди.

“Ушул жумада Харьков облусунан жакшы кабар бар. Баарыңар украиналык коргоочулардын активдүүлүгү тууралуу кабарларды көрдүңөр жана биздин жоокерлер менен ар бир жаран сыймыктанат деп ойлойм. Азыр Украинанын желеги кайра желбиреген тигил же бул конуштарды атай турган учур эмес”, - деди Зеленский.

Ал мындан тышкары Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Орусияда жогорку кызматты аркалайт делген дагы 606 адамга каршы санкция салганын кошумчалады.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына бир аптадан ашты. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда. Иш жүзүндө бул аймактардын көпчүлүк бөлүгүн Орусиянын армиясы ээлеп турат.

7-сентябрда Украинадагы согушту чагылдырган орусиячыл Телеграм-каналдар Харьков облусундагы Балаклея шаарында Орусиянын аскерлери курчоого алынганын жазышкан. Бул маалыматты орусиялык аскердик кабарчы Юрий Котёнок да ырастаган.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөн-жайын так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG