Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Запорожьеде Орусиянын соккусунан үч киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Запорожье облусунда Орусиянын аскерлери “Град” ракеталык системасына урулган соккудан үч адам каза болуп, беш киши жаракат алды. Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух ракета Орехов районундагы Малая Токмачка айылындагы үйдүн короосуна түшкөнүн жазды.

“Короодо сегиз киши болгон. Алар сокку урулган тапта гуманитардык жардам алып жатышкан. Анын кесепетинен беш адам оор жаракат алып, үч киши каза болду. Аткылоо уланууда”, - деди Старух.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG