Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Балаклея шаарында орусиялык аскерлер курчоодо калганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушту чагылдырган орусиячыл Телеграм-каналдар Харьков облусундагы Балаклея шаарында Орусиянын аскерлери курчоого алынганын жазышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы билдирип, Украинанын аскерлери бул аймакта контрчабуул жүргүзүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, Украинанын шаардагы эң ири аскердик кампалары бошотулган.

Украинанын армиясы шейшемби күнү эртең менен Балаклея аймагындагы Изюм шаарына жакын жердеги орус аскерлерине чабуул жасаган. 7-сентябрда эртең менен орусиялык аскердик кабарчы Юрий Котёнок Балаклеяда Орусиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын (Росгвардия) Самара жана Башкыр отряддары курчоого алынганын кабарлады. Анын айтымында, аскерлер менен байланыш үзүлгөн.

Март айында орус аскерлери басып алган Балаклея шаарынын четинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук ракеталык жана артиллериялык дирекциясынын ок-дары сакталган эң ири базасы жайгашкан. Орусиячыл каналдар украин аскерлери Орусиянын ири курал-жарагы сакталган Балаклеяга жакын Вербовка айылын бошотконун жазды. Бул маалыматты Американын согушту изилдөө институту ырастады.

Украинанын бийлиги жана армиясы Харьков облусундагы чабуул тууралуу комментарий бере элек. Август айынын аягында Херсондо Орусиянын күчтөрүнө болгон чабуул ийгиликсиз башталгандан кийин Украинанын Башкы штабы журналисттерге аскерлердин аракеттери тууралуу расмий гана маалыматтарды таратууну сунуштаган.

Шейшемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик операцияга комментарий берип жатып, армия өлкөнүн түштүгүндө гана эмес, башка багыттар боюнча да контрчабуулдарды баштаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG