Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Педофилдерге өлүм жазасы тууралуу сунуш парламентте талаш жаратты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Кадамжайда мектеп окуучусу зомбулуктан каза болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу керектигин айтышты.

Депутат Ырысбек Атажанов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды:

“Бул улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу эмес, жылда болууда. Бүгүн сөзсүз укук тартибин коргоо органдарынын маалыматын уксак ушул окуя боюнча. Чечкиндүү кадамдарга барсак, мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле”.

Балага зордук көрсөткөндөрдү катуу жазалоо керектигин депутаттар Алишер Козуев жана Тазабек Икрамов да айтып, бул үчүн мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуш кылышты. Депутат Чолпон Султанбекова парламентте бул көйгөйгө байланыштуу атайын «өкмөттүк күн» өткөрүү зарылдыгын айтты.

Депутат Марлен Маматалиев жазалоо чаралары күчөтүлгөн мыйзам жакында кабыл алынганын, бирок өлүм жазасына Кыргызстандын Конституциясы жол бербей турганын кошумчалады.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев азыркы шартта өлүм жазасын колдонуу туура эмес болот деген пикирин айтты:

"Жашы жете электерди зордук-зомбулукка кабылткандарды, өлүмгө чейин алып келгендерди бүтүндөй кыргыз коому жектешибиз керек. Аларды эч качан аябашыбыз керек. Бирок азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилеттүү болобу?".

Өлүм жазасына каршы оюн депутат Медербек Алиев да билдирди:

"Сот бийлиги, тергөө кандай экенин биз баарыбыз билебиз. Дагы деле баягы бей-бечаранын балдары өлүм жазасына тартылат, атылып, соттолуп кетет. Колунда бар байлар эч убакта өлүм жазасына тартылбайт. Бул ачуу чындык".

4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ноогардан айылында 14 жаштагы кыздын колу тушалган, мойнунда муунтуунун тактары калган сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары 24, 25 жана 27 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалды. Айрым маалымат булактары кыз зордуктоого кабылып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.

6-сентябрда президент Садыр Жапаров “Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли” деп чакырды жана иштин тергелишин жеке өзү көзөмөлдөй турганын айтты. Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG