Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Укук коргоочулар аялдар үчүн "коопсуздук баскычын" ишке киргизүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова зордук-зомбулук фактыларына ыкчам чара көрүү максатында аялдар үчүн “коопсуздук баскычын” ишке киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу укук коргоочу "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ага "Откровение" коомдук уюмунун өкүлдөрү “коопсуздук баскычынын” жардамы менен зордук-зомбулуктун алдын алууга боло турганын айтып кайрылышкан.

"Демилгени ишке ашырууга баштапкы каражат бар экенин, мобилдик компаниялар менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты. Аны ишке киргизүү үчүн, Кыргызстан боюнча таратуу үчүн өкмөттөн колдоо керек экен. Атайын тиркеме аркылуу өспүрүмдөрдүн жүргөн жери көрүнүп турат. Ар бир милицияда планшет болбойт, ошондуктан мобилдик телефондор аркылуу караса болот экен. Ошондуктан техникалык колдоо, жок дегенде облустарга күчтүү сервер коюлушу керек. Жардам сураган учурда жооп бере турган колл-борборлор болушу зарыл. Бул демилгени улуттук деңгээле колдоо зарыл жана саясий эрк керек".

Абдирасулова бул демилгени ишке ашыруу үчүн президент баштаган мамлекет жетекчилерине кайрылды.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган. 5-сентябрда Баткен милициясы 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун кабарлады. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG