Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Президенттик администрациянын сот, прокуратура менен иш алып барган бөлүм башчысы алмашты


Бекбосун Апсатаров.
Бекбосун Апсатаров.

Президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Сатыевдин кайсы кызматка өткөнү такталган эмес. Расмий маалыматка караганда, Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Бекбосун Апсатаров сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Коомчулукта Садыр Жапаровдун жакын адамы катары сыпатталып келген Бекбосун Апсатаров 2020-жылы октябрь айында УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорлугуна дайындалган. Кызматтан 2022-жылдын июль айында кеткен. 2021-жылы 24-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев баштаган төрт адамга генерал-майор наамын ыйгарган. Алардын арасында Бекбосун Апсатаров да бар болчу

Буга чейин “Темиров LIVE” каналы Апсатаров менен президент Садыр Жапаровдун байланышы боюнча иликтөөсүн жарыялаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG