Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:03

Бишкекте Ботаникалык бактан өрт чыкты


Ботаникалык бактын өрттөнүп кеткен аймагы. 2020-жыл. 13-июль.
Ботаникалык бактын өрттөнүп кеткен аймагы. 2020-жыл. 13-июль.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагындагы Ботаникалык бактан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" ырасташкандай, 6-сентябрда бактын аймагындагы куураган чөптөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 19:35те Октябрь райондук өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. ӨКМ кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

Ботаникалык бактын аймагындагы 2020-жылы жайында дагы куураган чөп күйүп, өрт чыккан. Анда тилсиз жоо бакчанын жалпы 3000 чарчы метр аянтына жайылган.

1938-жылы түзүлгөн Ботаникалык бак өсүмдүктүн көп түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлейт. Эл аралык Ботаникалык бакчалар ассоциациясынын мүчөсү.

Ушул тапта бакчанын аянты 124 гектарды түзөт. Анын 36 гектар жеринде сейилдөөгө шаар тургундарына уруксат берилген. Акыркы жылдары бакчада кайра-кайра өрт чыгып, бак-дарактар куурап жатканын активисттер айтып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG