Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызстан 5G технологиясын сынап көрө баштады


Көргөзмөнүн ачылышына министр Талантбек Иманов катышты.
Көргөзмөнүн ачылышына министр Талантбек Иманов катышты.

Кыргызстанда 5G технологиясын сынап көрүү боюнча алгачкы атайын көргөзмө аянтчасы ачылды. Бешинчи муундагы технологиялардын түрлөрү коюлган көргөзмө Бишкектеги ири соода борборлорунун биринде MegaCom, Huawei компанияларынын жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Анда жогорку технологиялык байланыш системасынын Кыргызстандагы өнүгүү тарыхын баяндаган маалыматтар менен катар 5G жана виртуалдык дүйнө жабдыктары, түрдүү буюмдар коюлган.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун айтымында, 5G үчүн Кыргызстанда тийиштүү укуктук мыйзам ченемдери иштелип чыгып, үч операторго бул стандартты сынап көрүү үчүн атайын жыштык бөлүнүп берилди.

“5G тармагын өнүктүрүү калк, бизнес жана мамлекет үчүн санариптик кызматтардын жана сервистердин жаңы сапатын камсыз кылат, санариптик экономиканын өнүгүшүнө салым кошот, ошондой эле телемедицинаны, айдочусуз транспорт, түз алып көрсөтүү жана башка Интернет мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө негиз болот”, - деди Иманов.

Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү ишин жүргүзүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган.

Жакында президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG