Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Султанбаев: президенттин күзөт кызматына машинаны чет элдик өнөктөштөр берген


Президент Садыр Жапаровдун күзөт кызматы үчүн коштоп жүрүүчү эки унааны гранттык негизде чет элдик өнөктөштөр берген. Бул маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады.

Интернетке соңку күндөрү президенттин кортежинде 2021-жылкы Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки чопкутталган жолтандабас жүргөнү тууралуу жазып, социалдык колдонуучулар арасында талкуу жаралган. Эрбол Султанбаев аларга "машиналарды өнөктөштөр алып берген жана атайын унааларды алууга мамлекеттик казынадан каражат кеткен эмес" деп жооп берген.

Басма сөз катчы атайын унааларды качан жана кайсы өнөктөш бергенин тактаган жок. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG