Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:39

Херсон облусунда Орусияга кошулуу боюнча “референдум” жылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия дайындаган Херсон облусунун оккупациялык администрациясынын жетекчи орун басары Кирилл Стремоусов Херсондун Орусияга кошулуусу боюнча “референдум” өткөрүү убактылуу токтотулганын билдирди. Ал аймакта согуштук аракеттер токтомоюнча добуш берүү болбой турганын айтты. Референдумдун датасы буга чейин да, бул жолу да айтылган жок.

Стремоусов референдумду кийинкиге жылдыруу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещуктун жакында жасаган билдирүүсүнө байланышы жок экенин белгиледи. 3-сентябрда Верещук украин жарандарынын мындай добуш берүүгө катышуусу агрессор менен кызматташуу катары караларын жана мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин орус аскерлери басып алган Донецк, Луганск, Херсон облустарын, Запорожье облусунун бир бөлүгүн Орусияга кошуу боюнча “референдумга” даярдык көрүлүп жатканы кабарланган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Москва басып алган аймактарды Орусияга кошуу боюнча референдумдарды өткөрсө, украин бийлиги менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырай турганын айткан.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда жана түштүктөгү башка аймактарда контрчабуул баштаганына бир апта болду. Маалыматтарга караганда, алар бир нече конуштарды өз көзөмөлүнө алууга жетишти. Аймактын басымдуу бөлүгү азыр деле орус аскерлеринин көзөмөлүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG