Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Бишкектин борборунда митингге чыгууга тыюу 1-декабрга чейин узарды


Украинадагы согушка каршы митингдин катышуучулары. Горький паркы. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Украинадагы согушка каршы митингдин катышуучулары. Горький паркы. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту борбордук аянтта, өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин жана Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюунун мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын апрель айында шаардын борборунда тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-сентябрга чейин тыюу салган. Анда сотко аталган райондун акимчилиги "ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында"деген жүйө менен кайрылганы белгилүү болгон. Анын алдында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында айрым жарандык активисттер Москванын Киевге каршы согушун айыптап пикетке чыккан жана милиция аларды кармап кеткен.

Жарандык коомдук өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG