Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Салливандын АКШнын Орусиядагы элчиси кызматы аяктады


Жон Салливан.
Жон Салливан.

Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Орусиядагы элчилиги кабарлады жана элчи Жон Салливан жекшембиде Москвадан АКШга учуп кеткенин билдирди. Анын элчилик кызматы аяктап жатканы тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

АКШнын Москвадагы элчилигинин билдиришинче, ушуну менен Салливандын мамлекеттик кызматтардагы 40 жылдык карьерасы дагы соңуна чыкты. Анын Москвадагы милдетин убактылуу Элизабет Руд аткарат.

Салливан ишембиде Москвада СССРдин акыркы президенти Михаил Горбочевдун тажыясына катышкан.

Мурдагы мамлекеттик катчы Салливан элчи болуп 2019-жылы декабрда Дональд Трамп президент болуп турганда дайындалган. Былтыр апрель айында Вашингтон менен Москванын мамилеси курчуп турган маалда ал убактылуу АКШга кеткен жана анда Ак үй аны кеңешүүгө чакыртып алганын маалымдаган.

Салливан июль айында Вашингтон менен Москванын алакасы "жакынкы арада" жакшырарынан күмөн санай турганын билдирген. Ошол эле маалда Орусия Американын Москвадагы элчилигин жаппашы керектигин, диалогду улантуу үчүн дипломатиялык каналдар ачык бойдон калышы шарт экенин айткан.

Эки өлкөнүн алакасы Орусия Украинага басып киргени Кансыз согуштан кийинки эле эң төмөн деңгээлге жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG