Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Германия кымбатчылыкка каршы күрөшүү үчүн 65 миллиард евро бөлөт


Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Германиянын өкмөтү жакынкы айларда энергия булактарынын кымбатташына жана жогорулаган инфляцияга каршы күрөшүү үчүн 65 миллиард евро бөлө турган болду.

Немис канцлери Олаф Шольц 4-сентябрда жарыялаган бул чаранын алкагында коомдун аялуу катмарына бир жолку төлөмдөр берилет жана энергияга көбүрөөк көз каранды ишканалар убактылуу салыктан бошотулат. Ошондой эле коомдук транспорт тармагы 1,5 миллиард евролук субсидия алат.

Немис өкмөтү кымбатчылыкка каршы күрөшүү үчүн буга чейин да эки жолу каражат бөлгөн. Бирок бул ирет эң көп акча бөлүнүп жатат.

Шольц Германияда кийинки жылга жеткидей энергия булактары, анын ичинде газдын запасы бар экенин айтты.

"Биз бул кыштан чыгабыз", - деди Шольц.

Социал-демократиялык партиянын өкүлү Шольц жекшемби күнү көпчүлүк коалициядагы өнөктөштөрү, Жашылдар партиясынын лидерлеринин бири Омид Нурипур жана каржы министри, Эркин демократиялык партиянын жетекчиси Кристиан Линднер менен бирге журналисттердин алдына чыкты.

Үч лидер тең биримдикти баса белгилешти.

"Биз бөлүнүүгө жол бербейбиз", - деди Нурипур.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери Европанын энергетика тармагында баалар кымбаттады. Европанын башка өлкөлөрү да Германия сыяктуу чараларды жарыялап, орус газына жана мунайына болгон көз карандылыкты азайтууга аракет кылып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG