Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Пакистанда нөшөрлөгөн жаандан улам Манчхар көлү толуп баратат


Пакистандын аймактарындагы суу ташкын.
Пакистандын аймактарындагы суу ташкын.

Пакистандын бийлиги өлкө түштүгүндөгү Манчхар көлүнүн айлана-тегерегин сел капташы мүмкүндүгүн эскертти. Маалыматка ылайык, июнь айынан бери утур-утур жаап жаткан, бороон-чапкын менен коштолгон жамгырдан улам көл толуп, ташыганы турат.

Расмий жетекчилер 4-сентябрга карата суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашканын билдирди.

Синоптиктер Манчхар көлүнүн аймагында жакынкы күндөрдө дагы жаан жаай турганын айтып, Синд провинциясынын эки районунун тургундарын коопсуз жайга жер которууга үндөштү. Суунун дэңгээлинин көтөрүлүшү көлдүн жээгиндеги аймактарга жана дамбага коркунуч жаратууда.

Манчхар көлү Пакистандагы таза суудан топтолгон эч чоң табигый көл.

Пакистандагы суу ташкыны баш-аягы 33 миллион жарандын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизди. Адистер селге тынымсыз жааган жамгырдан тышкары түндүк тараптагы мөңгүлөрдүн эриши себеп болгонун билдиришүүдө.

Пакистандын пландоо министри Ахсан Икбал 3-сентябрда айткандай, өлкөдө суу ташкындан кийинки "кыйроонун масштабы абдан чоң жана ал ири гуманитардык чараларды талап кылат".

Ушул айдын башында Пакистан менен Бириккен Улуттар Уюму селден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн 160 миллион долларлык чукул каражат бөлүү тууралуу биргелешкен кайрылуу жасашкан.

Пакистан бийлиги апааттан кийинки калыбына келтирүү иштерине кеминде 10 миллиард доллар жана көп жыл талап кылынарын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG