Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Зеленский Киевди колдогону үчүн Борис Жонсонго ыраазычык билдирди


Борис Жонсон жана Владимир Зеленский.
Борис Жонсон жана Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кызматтан кетип жаткан британ премьер-министри Борис Жонсонду Украинанын “чыныгы досу” катары баалады.

"Ар бир жолугушууда жана ар бир сүйлөшүүдө Борис бизге эмне керектигин сурап турчу" - деди Зеленский 4-сентябрда The Mail on Sunday гезитине жарыяланган макалада.

Украин президенти өлкөнүн тышкы иштер министри Лиз Трасс менен коргоо министри Бен Уоллеске да ыраазычылыгын билдирип, аларды "Украинанын достору жана улуу лидерлер" деп атады. Өлкөнүн болочоктогу жаңы премьер-министри менен жакын мамиледе болууга убада берди.

Жонсон жакынкы күндөрү премьер-министрлик кызматты биротоло өткөрүп берет. Ал саясий жаңжалдардын фонунда кызматтан кетерин июлда жарыялаган. Анын ордуна Консервативдик партиядан Риши Сунак, же Лиз Трасс экөөсүнүн бири келиши ыктымал. Жаңы премьердин ысымы партиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында аныкталат жана 5-сентябрда белгилүү болот. Трасс жарыштын фаворити деп эсептелип жатат, тышкы иштер министри катары ал дагы Украинаны катуу колдойт.

Британ премьер-министри Киевге биринчи жолу 9-апрелде барган. “Чоң жети” (G7) тобуна кирген өлкөлөрдүн ичинен ал Украинадагы кыйроолорду көргөн алгачкы лидер болуп калган. Экинчи жолу июнда да украин борбор калаасына барып, Зеленскийге колдоосун билдирип кеткен. Жонсон 24-август – Украинанын Эгемендик күнүндө да Киевге барып, украин президенти менен жолуккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG