Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Активист Адилет Балтабайдын иши сотко өттү


Адилет Балтабай сот залында. 2-сентябрь, 2022-жыл.
Адилет Балтабай сот залында. 2-сентябрь, 2022-жыл.

Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин алгачкы соттук отуруму бүгүн, 2-сентябрда Биринчи май райондук сотунда башталмак. Бирок негизги күбөлөрдүн бирөө келбей калгандыктан отурум 13-сентябрга жылдырылды.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камакка алынган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Блогер коюлган айыптарды "саясий буйрук" деп атаган жана президент Садыр Жапаровго кайрылып, эркин өлкөнүн жараны экенин, бирок пикири үчүн камалып жатканын айткан болчу.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн жана Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG