Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө өзү оппозицияда жүргөндө социалдык тармактарда наам, орден-медалдардын берилишин сындаган билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди. Анда ошол маалда сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей, тааныш-билиштер гана алганын айтып, азыр андай көрүнүш жоюлду деп ишендиргенге аракет кылды.

"Мындан бир нече жылдар мурда мен дагы ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, Фейсбук баракчама "Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат" деп, "дүжүрлөргө берилет" дегендей пост жаздым эле. Азыр ушул сыйлыктарды тапшырып жатканда ошол сөзүмдү алып чыгып "өзү дагы сыйлыктарды жапырт тапшырып жатат" дегендей сын пикирлер болду. Мурда өзүңөр жакшы билгендей сыйлыктардын баары сатылчу, тааныш-билиштер алчу. Акчаң болбосо бир да сыйлык ала алган эмессиңер. Мен бийликке келгенден баштап сыйлыкка сунуштар келгенде комиссия чогултуп "мындан ары татыксыздарга, акчага эч кандай сыйлык берилбеши керек" деп айттым. Наамды, сыйлыкты сатып алганда мамлекет эч качан өнүкпөйт", - деди Жапаров.

Буга чейин жогорку мамлекеттик сыйлык алгандар президенттин бул айткандары тууралуу азырынча үн ката элек.

Садыр Жапаров 1-сентябрда өлкөнүн эгемен күнүнө карата бир катар адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды, наамдарды ыйгарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG