Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Эгемендик күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата өлкөдөгү эң мыкты салык төлөөчүлөр аныкталганын билдирди. Анда бир канча тармакта 13 компания тандалганы, сыйлыктар тапшырылганы айтылат.

Ага ылайык, өндүрүш жаатында – "Бессер-Центральная Азия" жана "Viva Tex" компаниялары; курулуш жаатында – "Интегра Хотел Инвестмент", "Курулуш материалдарынын түштүк комбинаты", жана "Түштүк-кыргыз цемент" ишканасы; соода жаатында – "Газпром Кыргызстан", "Гласслэнд Компани", "Ак-Бата" жана "Прод Импекс" компаниялары; тейлөө жаатында – "Бакай Банк", "Нур Телеком", "Скайнет Телеком", "Радуга плюс" эс алуу жайы тандалган.

Салык кызматы өткөн айда быйыл жылдын алты айында республикалык бюджетке 85 млрд. 988,9 млн. сом салык жыйнаганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, бул белгиленген пландан 1 млрд. 349,4 млн. сомго көп (101,6%), же болбосо былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 30 млрд. 442,1 млн. сом көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%).

Мекеме планды ашыгы менен аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө иштеринин майнаптуулугу өз таасирин тийгизди деп эсептерин билдирген.

Салык кызматы "СМАРТ салым" санарип долбоорун иштете баштаган. Ошондой эле электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машиналар системасын ишке киргизген. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы колдонулууда.

Өлкөдө ар кандай эсептөөлөр боюнча көмүскө экономика 40% түзөрү айтылып келет. Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы жыйын маалында 2021-жылы 105 млрд. сом салык жыйналганын, быйыл болжол менен 155 млрд. сом салык топтолору болжолдонуп жатканын айткан.

Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү төгөт.

Июль айында Салык кызматы 2021-жылдагы салык төлөөчүлөрдүн арасынан 23 компанияны мыкты деп таап, аларга сыйлык тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG