Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Муфтият жаңы имаратын Матраимовдордун фонду куруп жатканын ырастады


Муфтияттын курулуп жаткан имаратына капсула салуу учурундагы сүрөт.
Муфтияттын курулуп жаткан имаратына капсула салуу учурундагы сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (муфтият) жаңы имаратын курууга коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар Райымбек Матраимов башында турган "Исмаил-Ата" фонду демөөрчүлүк кылууда. Бул маалыматты муфтияттын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, муфтият өзүнүн имаратын ижарага алып отургандыктан, жаңысын куруу үчүн демөөрчүлөргө кайрылган.

"Муфтият кеңсени ижарага алып отурат. Ошондуктан жаңы имаратты курууга бир жылдан бери фонддорго, ишкерлерге кайрылып келгенбиз. Жаңы имарат быйыл бүтөт. Азырынча бир эле ишкер демөөрчү болууда. Мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес, ишкерлердин колдоосу менен курулуп жатат", - деди муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев.

Ал курулуш иштери мындан 1,5 ай мурда башталып, капсула жарым ай мурда салынганын кошумчалады. Ал эми жаңы имаратты курууга канча каражат жумшалары, анын долбоору тууралуу маалымат айтылган жок.

Мунун алдында 30-августта Исмаил Матраимов атындагы "Исмаил-Ата" коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынганы тууралуу кабарлаган. Ага муфтий Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров жана диний кызматкерлер катышканы айтылган. Имарат Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Имам Сарахси мечитине кошуна салынып жатканы белгиленип, капсула салып жаткан сүрөттөрдү жарыялаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов алгачкы жолу 2020-жылдын 20-октябрында кармалган. 2021-жылдын февраль айында УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган бир нече акция өткөн.

АКШнын Финансы министрлиги 2020-жылдын декабрында Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Аталган иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG