Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Талас университетинин ректору коррупцияга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Талас мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын "кызмат адамдары бюджеттик акчаны мыйзамсыз пайдаланып келген көрүнүш" аныкталган.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында, университетин ректору У.А.Ш. жана башкы эсепчиси К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине жети миң сомдон акчалай сыйлыкты анын алты миңин кайра кайтаруу шарты менен ыйгарып турганы аныкталган. Мындан сырткары аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алган. Ошондой эле ректор жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып алып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден акча чогултуу менен алектенген",- деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык ректор облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ишти тергөө, зыяндын көлөмүн аныктоо иштери уланып жатат.

Коррупцияга айыпталгандардын жакындары менен жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Талас мамлекеттик униврситетинин ректору Айбек Упенов бул кызматка 2015-жылы июнь айында дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG