Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Украин күчтөрү Херсонду кайтаруу үчүн контрчабуул башталганын жар салды


Украинанын картасында Херсон облусу өзүнчө белгиленип турат. Түштүк облустарга Днепропетровск, Запорожье, Николаев, Одесса, Херсон жана Крым жарым аралы кирет.
Украинанын картасында Херсон облусу өзүнчө белгиленип турат. Түштүк облустарга Днепропетровск, Запорожье, Николаев, Одесса, Херсон жана Крым жарым аралы кирет.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын аскерлери ээлеп турган Херсон облусун кайтарып алуу үчүн өлкө түштүгүндө бир нече фронтто сүрүп чыгаруу жүрүштөрү башталганын жарыялады. Бул тууралуу маалыматты “Түштүк” командачылыгынын басма сөз катчысы Наталья Гуменюк атайын брифингде ырастады.

Алгач бул тууралуу ал Украинанын Суспільне телеканалына билдирген болчу. “Бүгүн биз ар кайсы багыттарда, анын ичинде Херсон облусунда жүрүштөрдү баштадык”, – деп айткан ал.

Гуменюк “ар бир операция тынчтыкты сүйөрүн” айтып, брифингде кененирээк маалымат берүүдөн карманды.

Мунун алдында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн “Каховка” ыкчам тобу Херсон облусундагы Орусиянын оккупациялык армиясынын Крым жарым аралы менен аскердик байланышын үзгөнүн маалымдаган. Анда HIMARS аймактагы дээрлик бардык чоң көпүрөлөрдү, Антонов темир жол көпүрөсүн, Антонов автожол жана Новокахов автожол көпүрөлөрүн талкалаганы айтылган.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов Украинанын Херсон облусундагы контрчабуулдарын төгүндөп, түштүктө тескерисинче украин күчтөрү көбүрөөк жоготууларга учураганын билдирди.

Орусия 24-февралда кол салгандан кийин Украинанын түштүк облустарынын бир топ бөлүгүн басып алган. Анын ичинде Херсон облусунун да көпчүлүк аймагын ээлеген. Украина акыркы апталарда Батыштан келген куралдарды колдонуу менен Орусиянын курал-жарак жабдуу линияларын иштен чыгарганын билдирип, жакын арада аларды сүрүп чыгаруу аракеттери башталарын убада кылып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG