Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтөт


30-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градуска жетет.

Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG