Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Бишкек шаарынын казысы катталбаган мечит имамдарына эскертүү берди


Айрым бир маалыматтарга караганда Кыргызстанда мечиттердин саны үч миңге чамалайт.
Айрым бир маалыматтарга караганда Кыргызстанда мечиттердин саны үч миңге чамалайт.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) кабарлады. Анда Бишкек шаарынын казысы Шакир Маматов каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрүп, быйыл бир дагы мечит катталбаганын белгилегени жана бул жаатта жоопкерчиликтүү болууга чакырганы айтылат.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мечиттердин саны үч миңге чамалайт. Өлкөдө бир айылда бир канча мечит курулган учурлар бар.

Өткөн айда муфтий Замир Ракиев облус казылары менен жыйын өткөрүп, аймактардагы мечиттерди каттоодон өткөрүүгө бир ай убакыт чектеген.

Ушул тушта мечиттерди каттоо маселелери бир катар аймактарда дагы талкууланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG