Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Казакстан курал-жарак экспортун бир жылга токтотту


Казакстандагы чопкутталган "Арлан" аскердик автоунаасы машыгуу учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы чопкутталган "Арлан" аскердик автоунаасы машыгуу учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан 2023-жылдын августунун аягына чейин аскердик продукцияларды чет жакка экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу чечим Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Курал-жаракты сатууну токтото туруунун себептери так айтылган жок. Мындай сунушту Өнөр жайды жана инфратүзүмдү өнүктүрүү министрлиги бергени гана кабарланды.

СССР тарагандан кийин Казакстан коргонуу өндүрүшүндөгү ондогон ишканаларды мурастап калган. Алар негизинен Аскердик-деңиз күчтөрү куралдантуу үчүн, танктарды, атуучу куралдарды, ракеталык системаларды жана абадан коргонуу системаларын жабдуучу каражаттарды чыгарууга адистешкен.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары мартта өлкөдө 300 чакырымга чейинки аралыкка жапырт аткылоочу реактивдүү системалар, ракеталык комплекстер чыгарылып жатканын, заводдор Израилдин технологиясы менен иштеп жатканын маалымдаган.

Аз күн мурун казакстандык журналисттер президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда бомбадан баш калка кылуучу жайларды курууга тапшырма бергенин жазып чыгышкан. Шаардын администрациясы калкалоочу жайлар геосаясий кырдаалдан улам гана эмес, калаа сейсмикалык зонада жайгашканы менен деп түшүндүрүшкөн.

Курал-жарак экспортун токтотуу жана бомбадан калкалануучу жайларды текшерүү тууралуу кабарлар Орусиянын Украинанын аймагына кол салуусу уланып жаткан маалга туш келди. Орусиянын өнөктөшү болуп саналган Казакстан Москванын аракеттерин расмий түрдө айыптаган эмес жана нейтралитет позициясын карманып келет. Ошол эле учурда президент Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда орус президентинин катышуусунда Казакстан Донбасстагы өзүн-өзү жарыялаган республикаларды тааныбай турганын айткан. Токаев аларды “квазимамлекеттер” деп атаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG