Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

Сербияда EuroPride жүрүшүнө тыюу салынды


Александр Вучич
Александр Вучич

Сербиянын президенти Александр Вучич борбор калаа Белградда 12-18-сентябрга пландалган эл аралык EuroPride иш-чаралары өтпөй турганын билдирди. 27-сентябрдагы пресс-конференцияда ал өлкөдөгү сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укуктарына карата коркунуч жаралган учурлар бар экенин мойнуна алды, бирок өкмөт оңчул топтордун жана өлкөнүн православ чиркөөсүнүн өкүлдөрүнүн иш-чараны болтурбоо максатында жасаган катуу басымына туруштук бере албай калганын айтты.

Вучич иш-чара кийинчерээк өткөрүлүшү ыктымал экенин четке каккан жок жана ЛГБТ өкүлү Ана Брнабичтин премьер-министрлик кызматтагы мөөнөтүн узартууну сунуш кылды.

Ал эми прайддын уюштуруучулары пландалган иш-чаралардын баары өлкө бийлигинин тыюусуна карабастан өз мөөнөтүндө өтөрүн, себеби мындай укукту аларга Европа соту бергенин айтып жатышат. EuroPride уюштуруу ассоциациясынын жетекчиси Кристине Гарина серб бийлигин жүрүштүн коопсуздугун камсыз кылууга, ал эми катышуучуларды түрдүү чагымдарга алдырбоого чакырды.

Сербияда алгачкы ЛГБТ жүрүшү 2001-жылы уюштурулуп, улутчулдар, ашкере оңчулдар топтору менен кагылышуу болгон. 2010-жылдагы иш-чарада да кагылышуу болуп, жүздөй адам жараат алган. 2014-жылкы үчүнчү жүрүш тынч өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG