Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38

Активист Шаменовдун машинасына коюлган зат чыныгы, бирок жараксыз граната экени аныкталды


Окуя 11-августта "Азия Моллдо" болгон.
Окуя 11-августта "Азия Моллдо" болгон.

Бийликтин аракеттерине каршы саясий билдирүүлөрү менен таанылган ишкер, активист Илгиз Шаменовдун машинасынан табылган темир боюм РГД-5 гранатасы экенин экспертиза тастыктады. Бул тууралуу 27-августта “Азаттык” радиосуна Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, экспертиза граната заводдо жасалган, ичинде тротил жана тетрил деген жардыргыч заттары бар ок-дары экенин аныктап чыкты, бирок ал колдонууга жараксыз экени белгилүү болду, себеби адистер текшерип көргөндө иштеген эмес.

“Башкача айтканда, гранатаны ок-дары катары колдонуу мүмкүн эмес болчу” деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин (“Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу”) негизинде козголгону, тергөө уланып жатканы айтылды.

Шаменов бул окуядан кийин коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан жеке күзөтчү сурап кайрылган. Бүгүн 27-августта “Азаттыкка” маалымат берип жатып ал азырынча жооп ала электигин, тергөөнүн жүрүшү тууралуу кенен маалымат бере албай турганын айтты:

“Жазуу түрүндө жооп күтүп жатабыз. Тергөөнүн жүрүшү тууралуу айта албайм, себеби купуя сыр боюнча кол коюп бергенбиз. Суракка эки-үч жолу бардым”.

Окуя 11-августта «Азия Молл» соода борборунун жертөлөсүндө болгон. Милиция «Тойота Камри» машинасынын алдына зым менен чырмалган, болжол менен РГД-5 гранатасына окшош буюмга криминалистикалык экспертиза дайындалганын билдирген.

Илгиз Шаменов "Социал-демократтар" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG