Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Жапаров Кумтөрдүн алтыны каякка сатылып жатканы ачыкталбай турганын билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын бүгүн 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы алтынды сатуу жагынан “Эч ким мамлекетти алдай албай турганын”, бирок алтын казган компаниянын ишин уюштурууда уурулук болушу мүмкүн экенин айтты.

Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн билдирди.

Аталган үч мекеме ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан Жапаров түшкөн пайдадан эмгек акы, жөлөк пул көбөйтүлүп жатканын белгиледи.

Президент "19 тонна, 21 тонна алтынды жашырып коюшуптур" деген сөздөр айтылып жатканын кошумчалап, “Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда баары жашыруун болот” деп айтты.

“Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы учак менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан “баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз” деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат”, - деди Жапаров.

Ал эми "Кумтөрдү" иштетүүдө алтын казуудан башка күйүүчү май, тетик, тамак-аш сатып алмай деген бир топ башка да иштер бар экенин белгилеген президент “Мына ушул жагынан уурдалышы мүмкүн” деди жана учурда Эсептөө палатасы бул боюнча иштеп жатканын кошумчалады.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG