Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:47

ИИМ: Москвада ишкер мекендешин опузалаган кыргызстандыктар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада ишкерлик менен алектенген мекендештеринен акча опузалап, адам уурдап кылмыш кылган деп шектелген кыргызстандыктардын тобу колго түшүрүлгөнүн 26-августта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеме Орусиядагы өкүлчүлүгүнө таянып билдиргендей, кылмыштуу топ быйыл май айында Кыргызстандын жаранын күчтөп машинага салып кетип, белгисиз бир батирде кармап турган жана андан 1 миллион рубль талап кылган. Алгач 78 миң рублин, кийин дагы 65 миң рублге бааланган мүлкүн тартып алган.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “адам уурдоо”, опузалоо” деген беренелеринин негизинде иш козголуп, 29 жана 22 жаштагы эки кыргызстандык кармалганы маалымдалды.

Буга чейин Орусияда ушундай эле кылмыштарды жасап жүргөн дагы бир топ аныкталып, жети кыргызстандык кармалган.

Орусиядагы мигранттар арасында түрдүү кылмыштар үчүн абакка отургузулуп жаткандар көбөйүп келатканы тууралуу маселе бир нече жолу Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG