Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

"Медиа Полиси" уюму 24.kg сайтын бөгөттөө чечимине каршы пикирин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Медиа Полиси Институту” уюму 24.kg маалымат агенттигинин сайты бөгөттөлгөн окуяны фейктерге каршы деп аталган, бирок иш жүзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) каршы административдик ресурска айланган мыйзамдын кесепети деп атады. Уюм 26-августта жарыялаган билдирүүсүндө бул мыйзамды фейктерге эмес, чындыкка каршы мыйзам деп сыпаттап, бийлик коррупция менен непотизмге караганда чындыкты жазган журналисттерди алда канча кооптуу деп эсептей баштаган учурлар буга чейин да болгонун белгиледи.

Билдирүүдө аталган мыйзам мамлекеттик органдарга адам укуктарын сотсуз жана тергөөсүз бузууга шарт түзөрү, ал биринчи жолу өтпөй калып, экинчи жолу процедураларды бузуу менен кабыл алынганы, демек, өзү мыйзамсыз экени айтылды.

26-августта Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөл кызматы агенттиктин сайтын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин чечими менен эки айга бөгөттөө тууралуу чечим чыгарганы маалым болгон. Бул чечим “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде кабыл алынган.

Ушул эле күнү сайтты бөгөттөө тууралуу чечим кайра жокко чыгарылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “Азаттыкка” бул тууралуу маалымат берип, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды аткаруу максатында даттануу тартибине ылайык маалыматты өчүрүү тууралуу чечим чыкканын, бирок ал өчүрүлбөгөндүктөн министрлик сайттын ишин эки айга чейин токтотуп турууну чечкенин айтты.

"Биздин териштирүүгө ыйгарым укуктарыбыз жок. Ошондуктан чакырып, тактай албайбыз. Көрсөтүлгөн механизм тартипте жазылган, ал кабыл алынган мыйзамдын мыйзамдык актысы болуп саналат. Биз ушул мыйзамга таяндык. Кайрылууда берилген маалымат үчүн арыз ээси өзү жооптуу. Ошону менен бирге 24.kg маалымат агенттиги мурда жарыяланган маалыматты четке каккан материал жайгаштырганына байланыштуу токтотуп туруу жөнүндө чечим жокко чыгарылды", - деди Эсенгул уулу.

Агенттиктин сайты кечээтен тартып айрым интернет провайдерлерде ачылбай калган.

Окуяга, 24.kg сайтынын жетекчилиги билдиргендей, Бишкектеги «Амбассадор» мейманканасынын даттануусу себеп болгон. Сайтка туристтер жашаган бөлмөдөн алар өздөрү жок учурда 20 миң доллары жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Милиция текшерүү жүргүзүп, бөлмөгө туристтердин өзүлөрүнөн башка эч ким кирбегенин аныктаган. Кийин туристтер дооматынан баш тарткан. Басылма ал маалымат мейманкананын администрациясынын пикири камтылып жарыяланганын айтууда.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG