Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Baykar компаниясынын ээси "Байрактар" Орусияга сатылбай турганын кайталады


"Байрактар" учкучсуз учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Байрактар" учкучсуз учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиялык Baykar компаниясынын башкы директору Халук Байрактар "Байрактар" учкучсуз учактары Орусияга сатылбай турганын Би-Би-Сиге берген интервьюсунда дагы бир жолу ырастады. Ал "бул тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес" экенин айтты.

“Биз үчүн акча маанилүү эмес. Акча жана материалдык кызыкчылык эч качан биздин ишибиздин максаты болгон эмес. Ошондуктан, алар бизге канча акча сунуштабасын, "Байрактарды" берүү тууралуу сөз да болбойт. Анткени Украина менен тыгыз байланышыбыз бар жана Украина адилетсиз жана акылга сыйбаган чабуулду башынан өткөрүп жатат”, - деди Халук Байрактар.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июль айынын аягында Орусия Baykar компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирген. Ал президент Владимир Путин Орусияда Baykar ишканасын ачууну сунуштаганын да кошумчалаган.

10-июлда Халук Байрактар CNN телеканалына берген маегинде, Орусияга "Байрактар" сатылбай турганын айткан.

Август айынын башында учкучсуз учактарды чыгарган компания Украинада каттоодон өтүп, завод куруу үчүн жер тилкесин алган. Украина Орусия менен болгон согушта түркиялык "Байрактар TB2" учкучсуз учактарын колдонууда. Дрон сокку уруу жана чалгындоо милдеттерин аткара алат. Украина бул аппаратты согуш талаасында биринчи жолу 2021-жылы пайдаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG