Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:54

УКМК: Пара талап кылган жетекчи милиционер камакка алынды


УКМК кылмышка шектүү милиционер камакка алынганын билдирди.
УКМК кылмышка шектүү милиционер камакка алынганын билдирди.

Бишкекте милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылганы үчүн кармалганын 26-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милициянын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына караштуу шаардык бөлүмдөрүнүн биринин башчысы жергиликтүү тургундардан түшкөн арыз-даттанууларды кароодо коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара талап кылуу”) негизинде иш козголгону, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы, атайын тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Өкмөткө эл жолдогон арыз-даттануулардын 80% укук тартибин коргоо органдарынын ишине байланыштуу экенин быйыл 4-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл менен жолугушууда айткан. Кыргызстанда 2021-жылы өлкөнүн акыйкатчысынан жардам сураган кайрылуулардын саны 13 миңден ашуун болгонун 7-июнда Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Ал да арыз-даттануулардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу экени белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG